Нурлан Шаршеналиев Ноокен районунун акими кызматынан кетти

8-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 29

Ноокен районунун акими Нурлан Шаршеналиев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу, кызматтан кетти. Анын ордуна Таалай Ишенбеков дайындалды.

Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун 7-сентябрдагы буйругу менен Нурлан Шаршеналиев энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалган.

Эске салсак, жаңы дайындалган аким Таалай Ишенбеков буга чейин Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы болуп иштеген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X