Окумуштуулар “суперкоронавирус” пайда болушу мүмкүн деп эскертишти

Цюрихтин Жогорку техникалык окуу жайынын иммунологу Сай Редди 2022-жылы дүйнөгө коронавирустун кооптуу түрү жайылышы мүмкүн деп эскертти.

Анын айтымында, SARS-CoV-2 вирусунун мутацияга кабылган түрлөрүнөн келип чыга турган жаңы штамм эпидемиянын жаңы фазасына алып келип, адамдардын курмандыгы учурдагыдан дагы көп болушу мүмкүн.

“Вирустун Түштүк Африкада чыккан “бета” жана Бразилияда аныкталган “гамма” түрлөрү учурда кайрадан мутацияга кабылып, илдеттин бул түрүн адамдын организминдеги антителолор “тааныбай” калып жатат”,- дейт Редди.

Иммунологдун айтымында, пандемиянын кийинки фазасында “бета” жана “гамма” мындан дагы жугуштуу болуп, ал эми “дельта” иммунитетти айланып өтүү жөндөмүнө ээ болот. Тилекке каршы, бул мутациялардын алдын алуу мүмкүн эмес, дейт ал Blick басылмасына берген маегинде.

Адистин айтуусу боюнча, SARS-CoV-2нин жаңы түрү менен күрөшүүнү азыртадан баштап колго алуу зарыл. Вакцина өндүрүүчүлөр инфекциянын өзгөрүшүнө жараша препараттардын дагы курамын өзгөртүүлөрү керектелет.

«Иммундук система жана вирус — биринин аракетине жараша экинчиси жооп кайтара турган касиетке ээ экенин билебиз. Иммунитет вируска каршы сүр көргөзө турган болсо, вирус дагы ага каршы амалдарды издейт. Пандемия дагы уланат», — дейт окумуштуу.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X