Окуу жылы 25-майда аяктайт

16-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 24

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматта бардык типтеги жана менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдарында 2020-2021-окуу жылы уюшкандыкта аяктайт деп айтылган. Ошондой эле пандемия маалында бүтүрүүчүлөрдүн саламаттыгын жана коопсуздугун сактоо максатында тиешелүү буйрук чыкканы маалым болду. Ага ылайык окуу жылы жалпы билим берүү уюмдарында ушул жылдын 25-майында аяктайт, ал эми 2020-2021-окуу жылы үчүн Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация ушул жылдын 2-июнунан 13-июнуна чейин КР БИМдин 2020-жылдын 11-майындагы №361/1 буйругу менен бекитилген Убактылуу жобого ылайык өткөрүлөт,-деп айтылган.

16-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X