Окуучулардын жазгы каникулу узартылды
Өлкөдө окуучулардын жазгы эс алуусу узартылды. Агартуу министрлиги чечим ата-энелерден жана мугалимдерден түшкөн кайрылууларды эске алуу менен кабыл алынганын билдирди.
Эми мектеп окуучулары март айынын алгачкы жумасында, 2-марттан 7-мартка чейин эс алышат. Башкача айтканда, каникулга кошумча төрт күн кошулду.
Министрлик билдиргендей, кошумча берилген төрт окуу күнү май айында окутулат. Мындан улам быйыл окуу жылы адаттагыдай 25-майда эмес, 29-майда жыйынтыкталат.