Өмүрбек Текебаев Германиядагы кыргыз студенттер менен жолукту

24-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 226

Samara Academy программасы аркылуу Германияга иштөөгө барган 150гө жакын кыргызстандык студент кыз жумуш жана жатакана маселесине туш болду. Учурда Кыргызстандын Германиядагы элчилиги алардын укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүүдө.

Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, Бремен шаарында студенттер менен жолугушуу өтүп, немис тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар маселелер боюнча оң чечимдерге жетишилди.

Такталган маалыматка ылайык, студенттер 28 календардык күнгө гана кепилдик берилген эмгек келишимдерине кол коюшкан. Ошентсе да, немис тарап аларга жаңы жумуш орундарын табууга көмөктөшөрүн билдирген.

«Эң башкысы – балдарыбыз аман-эсен ата-энелеринин жанына кайтып барышы керек. Биз бул маселени аягына чейин көзөмөлдөп, студенттерибиздин мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча ишти улантабыз», – деди Текебаев.

24-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 226
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X