Ооганстандан кыргызстандыктар эвакуацияланды

17-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 34

КР Тышкы иштер министрлиги Ооганстандан тогуз кыргызстандык жарандын эвакуацияланганын билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-августта Ооганстандагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин көмөгү менен кыргызстандык тогуз жараны эвакуацияланып, калган жарандар коопсуз жайга жеткирилген.

Учурда алар Кабулдагы Кыргызстандын дипломатиялык мекемесинин имаратына алынып келип, андан соң жарандарды эвакуациялоо боюнча аракеттер көрүлүп жаткандыгы айтылды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X