Ооганстанды эмне күтүп турат? Эксперттин пикири
Ооган өкмөтүнүн билим берүү боюнча мурдагы кеңешчиси Габриэль Маниччинин айтымында, талибдер эл аралык аренада сүйлөшүүлөргө даяр көрүнүүгө аракет кылышат.
Эксперт баса белгилегендей, Ооганстанда бийликти басып алуу, балким, талибдер үчүн тарыхтагы эң чоң жеңиш болду, бирок баскынчылар Сауд Арабиясынын жардамысыз мамлекетти башкара алышы чоң шек жаратат. Учурда АКШнын аймактагы саясий ийгиликсиздиги Пакистан, Иран, Россия жана Кытайдын оюнга кошулушу менен коштолот.
Ал арада бир катар абройлуу басылмалар Ооганстанда талибтердин бийликти кыска убакытта басып алышы АКШнын тарыхындагы эң чоң саясий жана аскердик жеңилүү экенин белгилешти.