"Эркин-Тоо"

Ормонов Улугбек Зулпукарович

Ормонов Улугбек Зулпукарович

Кичи мекени:

Ош облусу, Өзгөн району, Баш-Төбө айылы;

Туулган жылы:

1963-жылдын 3-декабры;

Билими: Жогорку.

1981-1986-жж. Воронеж политехникалык институтунун физика-техникалык факультетин аяктаган.

1992-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Экономикалык факультетин аяктаган.

2008-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын артыкчылык менен аяктап, “Юриспруденция”  адистигине ээ болгон.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1980-жылы Өзгөн районунун “Өзгөн” совхозунда жумушчу;

1986-1988-жж.Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы Приборлор иштеп чыгаруучу заводунда чебер;

1988-1991-жж. Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы Приборлор иштеп чыгаруучу заводунда өндүрүш цехинин башчысынын орун басары;

1991-1992-жж.Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы Приборлор иштеп чыгаруучу заводунун цехинин башчысы;

1992-1993-жж. Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы Приборлор иштеп чыгаруучу  заводунун экономикалык суроолор боюнча директордун орун басары;

1993-1997-жж.“Дастан ТНК” АК ишканасы, экономика боюнча вице-президенти;

1997-2004-ж.ж. “Дастан ТНК” АКишканасы, Генералдык директордун экономика боюнча орун басары;

2004-2005-ж.ж. “Дастан ТНК” АК ишканасы, коммерция боюнча директору;

2005-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине №38 бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган.

2006-2007-жж. Эмгек жана миграция саясаты боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген;

2007-жылдын ноябрынан декабрга чейин“Дастан ТНК” АК ишканасы, башкармалыгынын төрагасы;

2007-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган;

2007-жылдан баштап КР ЖК өндүрүш, соода, туризм, ири жана орто бизнес, транспорт, байланыш, курулуш жана архитектура боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген;

2009-2010-жж.  КР ЖК “Ак-Жол” фракциясынын лидери;

2014-жылдан баштап АЧК “ФККС”, Директорлор кеңешинин мүчөсү;

2016-жылдын майында «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер;

Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык кызматынын отличниги;

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине 70-жыл”, Орус суу алдындагы флотунун 100 жылдыгына арналган КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын 15 жылдыгына арналган медалдары менен, Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгына, достугуна чоң жеке салым кошкондугу үчүн Улуу ПетрII даражадагы ордени;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын «шериктеш үй» төш белгиси;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине 80 жыл” юбилейлик медалы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

Үй-бүлөлүк абалы:

Төрт баланын атасы.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!