Орозо айтта айрым автобустар жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт

19-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 63

Эртең, 20-мартта, Орозо айт майрамына карата Бишкек шаарында айрым автобустар жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, №38 жана №203 багытындагы 50 автобус таңкы саат 05:00дөн түшкү 12:00гө чейин акысыз каттайт.

«Орозо жана Курман айт майрамдары исламдагы улуу кош майрам. Азирети Муфтийдин тапшырмасы менен, орозо айт күнү шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулап, аянтта окула турган айт намазга келген жана кайткан шаар туургундарын, конокторун тейлесин деген аруу тилек менен эки линиядагы 50 автобуска бекер каттам уюштурдук. №38 жана №203 автобустары жүргүнчүлөргө 05:00 – 12:00 арасы бекер кызмат көтөрөт. Иш-чаранын максаты – айт намазын даңазалоо, руханий шаңын сездирүү, намазга ашыккандарга кубаныч тартуулоо», – деп билдирди уюштуруучулардын бири Толкунбек ажы Жуманов.

Белгилей кетсек, Бишкекте айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) окулат.

Бишкекте айт намазы эски аянтта окулат

19-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 63
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X