Өрт коопсуздугу. Ат-Башыдагы логистикалык борбордо машыгуу өттү
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Булак участкасында жайгашкан Ат-Башы эл аралык соода-логистикалык борборунда өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн даярдыгы текшерилип, шарттуу өрттү өчүрүү жана адамдарды коопсуз эвакуациялоо боюнча практикалык машыгуулар уюштурулду.
Мындан тышкары, борбордун кызматкерлерине, айдоочуларга жана жарандарга өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтык баракчалар таратылды.
Машыгуу өзгөчө кырдаалдарга ыкчам аракет көрүү жөндөмүн жогорулатуу жана өрт коопсуздугу боюнча алдын алуу иштерин күчөтүү максатында өткөрүлдү.