"Эркин-Тоо"

Орто-Сай айылында мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үй бузулууда

Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында мыйзамсыз курулуп баштаган көп кабаттуу үйдү бузуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бузуу иштери Чүй облусунун Аламүдүн райондук соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмү менен биргеликте Жогорку соттун токтомунун негизинде жүргүзүлүүдө.

Мыйзамсыз курулган көп батирлүү турак-жай курулушу Чүй областынын Аламудун районунун, Орто-Сай айылында №5 дарегиндеги 2а участогунда курулуп жаткан.

Пример HTML-страницы