Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу боюнча келишимге кол коюлду

24-март, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26

Бүгүн, 24-мартта “Чакан ГЭС” ААКнын башкы директору Нурлан Садыков жана China National Heavy Machinery Corporation компаниясынын вице-президенти Женг Хансонг ортосунда Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев катышты.

Жалпы кубаттулугу 21 МВт түзгөн үч гидроагрегаттуу Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу өлкөнүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган ГЭС Орто-Токой суу сактагычында курулат.

Орто-Токой суу сактагычы ― Кыргызстандагы эң алгачкы курулган суу сактагыч. Ал Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат жана 120 миң гектар жерди сугарууга колдонулат. Орто-Токой чакан ГЭСинин иштеши сугат иштери менен жөнгө салынат.

24-март, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X