"Эркин-Тоо"

Орусия өкмөтү гречканы сыртка сатылышына убактылуу тыюу салды

Мындай чектөө 31-августка чейин киргизилген. Эгерде гречка гуманитардык жардам катары жөнөтүлгөн азыктардын тизмесинде болсо гана сыртка чыкканга уруксат берилет.

Гречканы сыртка сатууга чектөө киргизүү демилгеси менен Орусиянын Айыл чарба министрлиги чыккан. Мындай чара баалардын өсүп кетишин жана ички базардагы таңкыстыкты алдын алат дейт аталган мекеме.

Мындан сырткары Айыл чарба министрлиги 2021-жылы мындай азык-оокаттардын баасы кескин кымбаттап кеткенин айтууда. Орусиянын өзүндө жыл башынан бери гречканын баасы 4,4% өстү. Апрель айынын башынан бери эле 2,2% кымбаттаган. Дүйнөдө азык-түлүк баалары жогорулап, Орусияда  суу май жана кумшекерге болгон талап өстү. Ошондуктан ички рынокто дагы кымбаттоолор болду дейт эксперттер.

Айыл чарба рыногун изилдөө институтунун маалыматы боюнча 2020-жылдын июлунан тарта 2021-жылдын январына чейин гречканын экспорту эки эсеге өстү. Жалпы 55 миң тонна гречка сыртка сатылган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!