Ош: Каналга чөгүп кеткен наристенин жансыз денеси табылды
26-сентябрь күнү Кара-Суу районунун Отуз -Адыр айыл аймагынын Тойчу айылынын 1997-ж.т. И.М. аттуу аял кыздары (2018-ж.т. Х.С., 2020-ж.т. Х.С.) менен Отуз-Адыр каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат ӨКМге түшкөн.
Жергиликтүү тургундар аялды жана анын 2018-ж.т. кызын суудан аман-эсен алып чыгарышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирок, анын 1,5 жаштагы экинчи кызы табылган эмес. Куткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштери уланып, бүгүн, 28 -ентябрда ӨКМнин 16 куткаруучусу жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылган.
Издөө иштердин натыйжасында, бүгүн эртең мененки саат 10:50дө ӨКМнин куткаруучулары тарабынан 1,5 жаштагы наристенин каналга түшүп кеткен жерден 1,5 км төмөнүрөөк аймактан анын жансыз денеси табылды.
ӨКМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, куткаруучулар кыздын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришти.