Ош шаарынын борбордук аянтында демонтаждалган Владимир Лениндин эстелиги «Мээрим» эс алуу багына орнотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.
Эстелик 1975-жылы орнотулуп, Борбор Азиядагы эң бийик эстеликтердин бири болуп саналат. Ал советтик скульптор, СССР Көркөм өнөр академиясынын президенти Николай Томскийдин эмгегине таандык. Бийиктиги 23 метрди түзгөн эстеликтин ордуна 95 метр желек сап орнотулары маалымдалды.
«Мисалы, Россиянын шаарларында, ошол эле Санкт-Петербург, Белгороддо Лениндин эстеликтери демонтаждалган же башка жерлерге которулган. Бул шаарлардын жалпы архитектуралык, эстетикалык келбетин жакшыртуудагы кадыресе көрүнүш. Андыктан бул маселени саясатташтырыштын кереги жок», – деп билдирди мэрия.