Ош облусунда эс алуучулардын коопсуздугу туристтик взводдун көзөмөлүндө

11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 132
2026-жылдын жайкы туристтик мезгили маалында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик взводунун кызматкерлери массалык эс алуу жайларында жана аймактагы таанымал туристтик багыттарда кызмат өтөп, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздап жатышат.
Милициянын кайгуул топтору эс алуучулар көп барган Кара-Кой, Кара-Шоро, Алай, Кыргыз-Ата, Абшыр-Ата жана облустун башка кооз жаратылыш аймактарында кызмат алып барышууда.
Ыкчам байланыш түзүү максатында Кыргызстандын жарандарына жана өлкө конокторуна ички иштер органдарынын байланыш маалыматтары жана телефон номерлери көрсөтүлгөн визиттик карталар таратылууда. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда же жардам керек болгондо жарандар милиция кызматкерлерине дароо кайрыла алышат.
Туристтик взвод күнү-түнү кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуз эс алуусу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүдө.
11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 132
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X