"Эркин-Тоо"

Ош — Сары-Таш — Эркештам жолуна кар көчкү түшүп, кыймылга чектөө киргизилүүдө

Ош облусунун Ош — Сары-Таш — Эркештам жолуна кар көчкү түшүп, жолдорго маал-маалы менен чектөө киргизилүүдө. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган автожолдун 167-169 жана 171-173-чакырымдарында кар көчкү түшкөн.

Учурда ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмү жана ЖТМнын техникасы жолдорду тазалоодо.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан алдыдагы унаа менен болгон аралыкты 500 метрге чейин сактап, туманга каршы фараларды күйгүзүп, ылдамдыкты ашырбай айдоого чакырат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!