Ош: Суу кампанын курулушу боюнча 200 000 сом айып пул салынды
Ош облусунун Өзгөн районундагы Семиз-Көл айылында курулуп жаткан суу кампасынан курулуш талаптарынын бузулушу аныкталды.
Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузууларды департаменттин Ош региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүү учурунда аныктаган. Натыйжада курулуш иштерин аткарып жаткан «Жолдош-Курулуш» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, тиешелүү акт түзүлгөн.
Ошондой эле компанияга аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча эскертүү берилди.
Департамент курулуш компанияларын мыйзам талаптарын жана курулуш ченемдерин так сактоого чакырды.