Ошто 18 жер тилкеси аукцион аркылуу ижарага берилет
Ош шаарында муниципалдык жерлерди ижарага берүү боюнча кезектеги комиссиянын отуруму өтүп, 18 жер тилкеси боюнча ачык аукцион өткөрүлдү. Жыйынтыгында аукциондун жеңүүчүлөрү аныкталды.
Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев төрагалык кылган комиссиянын отурумунда архитектуралык корутундусу жана тиешелүү документтери даярдалган 61 жер тилкеси каралды.
Анын ичинен 50 жер тилкеси боюнча аукцион өткөрүү тууралуу жарыя берилген. Аукционго арыз түшкөн 18 жер тилкеси боюнча соода өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Ал эми арыз түшпөгөн 32 жер тилкеси кайрадан аукционго коюлат.
Мындан тышкары, комиссияда ижара мөөнөтүн узартуу боюнча бир, жер тилкесин убактылуу ижарага түз берүү боюнча эки жана аукционго чыгарууга уруксат алуу боюнча сегиз маселе каралды.
Комиссия бардык маселелерди талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды.