Ошто 2026-жылы курулган жолдордун сапаты текшерилди
Ош шаарында 2026-жылы курулган жана оңдолгон жолдордун сапаты атайын комиссия тарабынан текшерилди.
Текшерүү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасынын негизинде жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында министрликке караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгынын сыноо лабораториясынын адистери шаардагы бир катар жолдордон асфальтобетон керндеринин үлгүлөрүн алышты.
Тактап айтканда, үлгүлөр төмөнкү көчөлөрдөн алынды:
-
Он-Адыр көчөсү — 714 метр;
-
Имам-Ата көчөсү — 1000 метр;
-
Шамшиев көчөсүнөн Жумабаев көчөсүнө чейинки Абдуллаев көчөсү — 600 метр;
-
Абакир уулу Төрөбек көчөсү — 800 метр;
-
Ш. Руставели көчөсүнөн Алымбек-Датка көчөсүнө чейинки Г. Айтиев көчөсү — 1400 метр;
-
Алымбек-Датка көчөсүнөн Молдонияз көчөсүнө чейинки Баялинов көчөсү — 500 метр;
-
Аматов көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки Курманжан-Датка көчөсү — 2000 метр;
-
А. Сүйүнбаев көчөсүнөн Э. Ишматов көчөсүнө чейинки Ю. Төлөнов көчөсү — 2640 метр;
-
Мамыров көчөсүнөн Р. Абдыкадыров көчөсүнө чейинки С. Абдувалиев көчөсү — 1160 метр.
Адистердин айтымында, керн алуу жол жабуусунун сапатын баалоо, асфальтобетондун физикалык-механикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо жана анын белгиленген ченемдик талаптарга шайкештигин текшерүү үчүн жүргүзүлдү.
Учурда алынган үлгүлөр лабораторияда контролдук сыноодон өткөрүлүп жатат. Сыноонун жүрүшүндө асфальтобетондун сапаттык көрсөткүчтөрү жана бекемдиги аныкталат.
Лабораториялык изилдөөлөр аяктагандан кийин тиешелүү корутунду даярдалып, текшерилген жолдордун сапаты белгиленген талаптарга канчалык жооп берери боюнча баа берилет.