"Эркин-Тоо"

Ошто 4 жыл аралыгында 13 млрд сомдук долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда

Ош шаарында 4 жыл аралыгында 13 млрд сомдук бир катар долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул Ош шаарынын 2023-2026-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программасынын долбоорунун коомдук угуусунда белгилүү болду.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Кушбак Шайиев, шаардык кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери, эксперттер, жарандык активисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана жашоочулар катышты.

Марс Исаев белгилегендей, программанын артыкчылыктуу милдеттери экономиканы өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү; таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, коммуналдык кызматтарды жакшыртуу жана бардык муниципалдык ишканаларды санариптештирүү; шаарды башкаруунун заманбап системасын түзүү.

“Улуу Жибек жолун жандандыралы” деп атоону сунуштап жаткан Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы 5 негизги артыкчылыктуу багытты камтыйт:

1. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү колдоо, инвестиция тартуу, туризм тармагын активдүү өнүктүрүү аркылуу жаңы ишканаларды ачуунун негизинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү. Келечекте Ошту туристтик борборго айландыруу пландалууда.

2. Шаарды башкаруунун заманбап системасын калыптандыруу, анын ичинде заманбап маалыматтык технологияларды өнүктүрүү, “Санарип Ош” муниципалдык ишканасын түзүү, электрондук документ жүгүртүү системасынын потенциалын жогорулатуу. Муниципалдык кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатууга, анын ичинде МАБдардын коомдогу ролун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат.

3. Шаардын коммуналдык чарбалык инфраструктурасын комплекстүү жакшыртуу, мында калкты үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоого, көп кабаттуу үйлөрдүн коммуналдык абалын жакшыртуу жана сырткы фасаддарын оңдоо, балдар аянтчаларын куруу, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуу жана шаар калкын газ менен толук камсыз кылууну улантуу, шаардын ички көчөлөрүн жарыктандыруу жана шаар калкын коомдук транспорт менен тейлөөнүн сапатын жакшыртуу иштери аткарылат. Заманбап таштандыларды кайра иштетүүчү заводду курууну камтыйт.

4. Шаар куруу жана муниципалдык менчик багытында генпландын негизинде шаардын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгуу, шаар тургундарын ипотекалык негизде турак-жай менен камсыз кылуу, айлампа жолдордун курулушун баштоо боюнча иш алып баруу, шаардын көчөлөрүн оңдоп-түзөө жана социалдык имараттарды куруу менен муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу жагы каралган.

5. Социалдык тармакта билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, саламаттыкты сактоо, спорт жана маданият тармагын жана социалдык коргоо тармагын өнүктүрүү каралган. Ошондой эле жарандарды адеп-ахлактык жактан тарбиялоого өзгөчө көңүл бурулат. “Өнүгүү программасында шаарды тең салмактуу экономикалык, социалдык жана экологиялык өнүктүрүү боюнча бир катар иш-чаралар жана механизмдер каралганын белгилеймин”, — деди М.Исаев.

Программаны ишке ашырууга 13 млрд 136 млн сом бөлүү пландалууда. Бул сумма жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, ипотекалык жана өздүк каражаттардын эсебинен, гранттык долбоорлордон жана инвестицияларды тартуу аркылуу бөлүнөт. Коомдук угуунун жүрүшүндө катышуучулар программанын долбооруна кошумча сунуштарын беришти.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!