Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушунда топурактын сапаты текшерилди
Ош шаарында курулуп жаткан 930 орундуу студенттик жатакананын курулуш аянтчасында топурактын сапаты текшерилди.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүү Исанов көчөсү, 79 дарегинде жүргүзүлдү. Адистер топурактын тыгыздыгын текшерип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөрдү алышты.
Лабораториялык сыноолордун жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык касиеттери аныкталып, анын тыгыздалышынын сапаты ченемдик талаптарга шайкештиги боюнча бааланат.
Министрликтин маалыматына караганда, буга чейин объектте инженердик-изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Курулуштун сапаты ар бир этапта көзөмөлдөнүп турат.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында студенттик жатаканаларды куруу иштери башталган.