Ошто автолизинг борбору ачылды. Унааларды 4 пайыздан башталган үстөк менен алууга болот

12-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 103

Ош шаарында Chevrolet Estocada автолизинг борбору расмий ачылды. Эми жергиликтүү ишкерлер жана мамлекеттик мекемелер унааларды жылдык 4–8 пайыздык үстөк менен лизингге ала алышат.

Автолизинг борбору  Ош шаарынын  мэринин  демилгеси жана өтүнүчү менен Ошто да ачылды. Долбоорго ылайык, мамлекеттик ишканаларга унаалар жылдык 4 пайыз, ал эми жеке ишканаларга 8 пайыздык үстөк менен сунушталат.

Шаарда автолизинг борборунун ачылышы ишкерлер үчүн унаа алуунун кошумча мүмкүнчүлүгүн түзүп, ишкердикти өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга багытталган демилгелердин бири болуп саналат.

Ош шаарында бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу багытындагы иштер улантылууда.

12-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X