Ошто бюджет, курулуш жана шаарды өнүктүрүү маселелери талкууланды

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 104

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин көчмө жыйынында Ош шаары менен облусунун бюджеттик маселелери, социалдык объектилердин курулушу жана бузулган үйлөр үчүн кенемте төлөө маселеси талкууланды.

Жыйынга комитет төрагасы Алтынбек Кудайбердиев баштаган депутаттар, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаевдин маалыматына караганда, 2026-жылы Ош облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин жалпы көлөмү 4 млрд 400,8 млн сомду, ал эми Ош шаарынын бюджети 5 млрд 205,5 млн сомду түзгөн. Жалпы сумма 9 млрд 606,3 млн сомго жеткен.

Талкууда Ош шаарында буздурулган үйлөр үчүн кенемте төлөө маселеси көтөрүлдү. Шаар мэри Жанарбек Акаевдин айтымында, бузулган 1 100дөн ашык үйдүн ичинен 835 үйдүн ээлери кенемте ала элек. Ал шаар тургундарынын эч кимиси турак жайсыз калбашы керектигин белгиледи.Возможно, это изображение один или несколько человек

Депутаттар ошондой эле Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын курулушунун кечеңдешине, Түштүк аймактык онкологиялык борбордун курулушун тездетүүгө жана Ош облустук балдар клиникалык ооруканасын жаңылоого көңүл бурушту. Мындан тышкары, Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагын таза суу менен камсыз кылуу маселеси да көтөрүлдү.

Жыйында Ош шаарындагы базарларды көчүрүү, унаа тыгындарын азайтуу, ички жолдордун сапатын жакшыртуу жана «Коопсуз шаар» долбоорун толук ишке ашыруу маселелери талкууланды. Депутаттар шаарды өнүктүрүүдө тургундардын пикирин эске алууну жана социалдык инфраструктураны жакшыртууну сунушташты.

Комитет төрагасы Алтынбек Кудайбердиев базарлардын жана айрым ишкердик субъекттеринин толук кандуу иштебей жатышы салыктык эмес кирешелер планынын аткарылышына таасир эткенин белгиледи. Ошондой эле ал шаарды өнүктүрүү боюнча так программа болушу керектигин айтып, жергиликтүү бийликке суроо салды.

Жыйынтыгында тармактык комитет көчмө жыйындын алкагында тиешелүү чечим кабыл алды.

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 104
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X