Ошто эки айда курулган 50 метрлик заманбап фонтан ишке берилди

29-август, 2026-ж. / Редакция / Аймак 131

Ош шаарындагы Алымбек Датка этнографиялык борбору дагы бир заманбап объект менен толукталды. Бул жерде жаңы, 50 метрлик оргума бүгүн салтанаттуу түрдө ишке берилди. Буга чейин эски фонтандын ордуна заманбап музыкалык оргума куруу пландалган.Нет описания фото.

Анын курулушу Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен эки ай мурун башталып, белгиленген мөөнөттө аяктады. Оргуманын жандырылышына Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана эл өкүлдөрү катышты.

Жаңыланган оргуманын айланасы гранит таштары менен жасалып, эс алуучулар үчүн жаңы отургучтар орнотулду. Эми бул жер шаар тургундары жана коноктор үчүн дагы бир көрктүү эс алуу жайына айланат.Нет описания фото.

29-август, 2026-ж. / Редакция / Аймак 131
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X