Ошто кытайлык инвестор 100 млн долларлык долбоорду ишке ашырат

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 65

Ош шаарынын мэриясы Кытайдын Shandong Shanzuo Holding Group Co., Ltd. компаниясы менен инвестициялык кызматташтык меморандумуна кол койду.

Мэрия мыйзам чегинде долбоорду ишке ашыруу үчүн ылайыктуу жер тилкесин аныктоого, ошондой эле уюштуруу жана административдик маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт.

Инвестор долбоорду каржылоону, жана курууну ишке ашырат. Ршондой эле зарыл болгон технология, жабдуулар жана адистер менен камсыз кылат.

Инвестициянын так көлөмү, курулуш мөөнөттөрү жана заводдордун тизмеси өзүнчө келишимдер менен бекитилет.

Долбоор ишке ашса, шаарда 500 жаңы жумуш орундары түзүлүп, Оштун экономикалык дарамети жогорулайт.

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 65
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X