Ош шаарында эрте менен болгон мушташ боюнча төрт шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 4-августта саат 05:00 чамасында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, көчөдө ызы-чуу салып жаткан жаштарды өтүп бара жаткан жаран тынчтыкка чакырган. Бирок эскертүүгө нааразы болгон жаштар ага кол көтөрүшкөн.
Окуяга шектелген төрт жаран ошол эле күнү саат 09:00 чамасында Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды.
Кармалгандар наркологиялык текшерүүдөн өткөрүлүп, алардын спирт ичимдигин ичкени аныкталган. Шектүүлөрдүн автоунаасы айып короого киргизилди.
Маалыматка караганда, кармалгандардын үчөө 2007-жылы, бирөө 2008-жылы туулган. Ал эми жабырлануучу 1969-жылы туулган жаран ооруканага кайрылган.
Учурда тергөө иштери жүрүп, шектүүлөрдүн аракетине укуктук баа берилет.