Ошто унаа тетиктеринин жаңы базары ачылды

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99

Ош шаарында айдоочулар жана унаа ээлери үчүн дагы бир ыңгайлуу жай пайда болду. Көкүм-Бий көчөсүндө заманбап унаа тетиктер базары пайдаланууга берилип, соодагерлер үчүн түзүлгөн шарттар менен тааныштыруу иш-чарасы өттү.

Базардын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев, ишкерлер, сатуучулар жана шаар тургундары катышты.

Жаңы базар унаа базарынын жанында жайгашкан. Бул аймак мындан ары да өнүгүп, автоунаа тармагын тейлеген ири борборго айланары күтүлүүдө.

Оморбек Торобаев белгилегендей, учурда бул жерде тейлөө борбору жана унаа каражаттарын каттоо мекемеси курулуп, ишин баштады. Натыйжада айдоочулар бир аймактан бир нече кызматты алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X