Ошто жаңы суу алуучу курулма курулуп бүттү

9-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 65

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын Даңги участогунда шаарды таза ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртууга багытталган жаңы суу алуучу курулманын курулушу аяктады.

Долбоор Азия өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттары жана Ош шаардык мэриясынын кошумча каржылоосу менен ишке ашырылды. Анын алкагында диаметри 1200 миллиметр болгон жаңы башкы суу алуучу курулма салынып, 2,4 чакырым магистралдык суу түтүгү тартылды.

Учурда объектте 10 күндүк сыноо иштери жүрүп жатат. Сыноолор ийгиликтүү аяктаса, жаңы түтүк аркылуу шаар тургундарын таза суу менен камсыздоо башталат.

Жаңы курулма Ош шаарындагы суу менен камсыздоо системасынын кубаттуулугун жогорулатып, тургундар үчүн ичүүчү суунун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга шарт түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X