Ошто Жаштар борбору ачылды

4-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 405

Ош шаарында Жаштар борборунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Оштогу Башкы консулу Роман Свистин, студенттер жана жаштар катышты.

Ачылыш аземинде шаар мэри шаар аймагында 13 жаңы сквердин курулушу жүрүп жатканын белгилеп, Ош мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети жана Ош гуманитардык-педагогикалык университетинин архитектура жана дизайн багытында билим алып жаткан студенттерин үч сквердин долбоорун иштеп чыгып, аны ишке ашырууга чакырды.Возможно, это изображение один или несколько человек

«Бул силер үчүн чоң практика жана баалуу тажрыйба болот. Демилге көтөрүп, шаардын өнүгүшүнө өз салымыңарды кошкула. Мэрия тарабынан бардык колдоо көрсөтүлөт», — деди шаар башчысы.

Маалыматка ылайык, Жаштар борбору Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен ПРООНдун өнөктөштүгүндө жана Россия Федерациясынын каржылык колдоосу аркылуу курулган. Үч кабаттуу заманбап имаратта тил үйрөтүү, робототехника, шахмат жана кулинария курстары уюштурулуп, лидерлик боюнча окуулар өткөрүлөт. Ошондой эле борбордо заманбап конференц-зал иштеп, «Арууке» бий ансамблинин ишмердүүлүгү да улантылат.Возможно, это изображение толпа

Белгилей кетсек, жаңы Жаштар борбору Ош шаарынын мэриясынын Маданият жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын алдында түзүлгөн. Борбор жаштардын билим алуусуна, чыгармачылык жана кесиптик өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

4-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 405
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X