Ошто жыл башынан бери 33 эс алуу жайы түзүлдү
Ош шаарында жыл башынан бери жалпы аянты 56 гектардан ашкан 33 сейил жана эс алуу жайы түзүлдү.
Жаңы эс алуу бактары Киргизия кинотеатрынын жанында, Ишкаван айылында, Достук айылынын Катта-Терек аймагында, Манас-Ата МАБынын артында, Раззаков жана Масалиев көчөлөрүндө, Өчпөс оттун жанында жана Санкт-Петербург көчөсүндө жайгашкан.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты. Шаар башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын сунуш-пикирлерин укту.
Мэриянын маалыматына ылайык, эс алуу жайларына 650 түп бак-дарак жана бадал отургузулуп, 75 миң түп гүл эгилди. Шаарда жашыл аймактарды көбөйтүү жана эс алуу жайларын кеңейтүү иштери улантылат.