Оштогу акча алмаштыруу жайындагы окуя. ИИМ кызматтык иликтөө баштады
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан 24-май күнү Ош шаарында болгон, анын кесепетинен жаран каза тапкан окуя боюнча кызматтык иликтөө башталды.
Маалыматка ылайык, учурда окуянын бардык жагдайлары ар тараптуу жана объективдүү текшерилип жатат. Анын алкагында окуя болгон жердеги милиция кызматкерлеринин аракеттери, өз убагында чара көрүлгөн-көрүлбөгөнү жана аткарылган иштердин толуктугу иликтенүүдө.
Ички иштер министрлиги кызматтык тартипти бузуу, шалаакылык же кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткарбоо боюнча бир дагы факт көз жаздымда калбай турганын билдирди.
Эгер мыйзам бузуулар аныкталса, күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу жоопкерчиликке тартылары белгиленди.