Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич
Кичи мекени:
Ош облусу, Алай району, Гүлчө айылы.
Туулган жылы:
1956-жыл, 21-январь.
Билими: Жогорку.
Ош педагогикалык институтун 1977-жылы артыкчылык диплому менен аяктап, “орто мектептин физика мугалими” адистигине ээ болгон.
1983-1986-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүндө окуган. Аспиранттык мөөнөтүн Эстониянын Тарту университетинде 3 жылдык илимий командировка катары өтөгөн.
Эмгек ишмердүүлүгү:
Эмгек жолун 1977-жылы орто мектептин физика мугалими катары баштаган.
1979-1992-жылдары Ош пединститунун эксперименталдык жана теоретикалык физика кафедрасында лаборант, ага лаборант, окутуучу, ага окутуучу жана доцент болуп эмгектенген.
1992-1994-жылдары Кыргыз Улуттук университетинин физика кафедрасында доцент болуп иштеген.
1994-2002-жылдары “Дастан” Технологиялык Университетин жаңыдан түзүп, анын ректору болгон.
2002-2005-жылдары Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Илим жана интеллектуалдык менчик агенттигинин директорунун илим боюнча орун басары.
1994 — жылдан 1999-жылга чейин Бишкек шаардык Кеңешине 1-Май району боюнча альтернативдик негизде депутат болуп шайланган. 1-Май аймактык депутаттар тобун жетектеген.
2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясатынын министринин орун басары болуп эмгектенген.
2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болгон.
2008-жылдан 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору.
2010-жылдын октябрь айында “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт Комитетин жетектеген.
100 дөн ашуун илимий жана илимий-педагогикалык макалалардын жана эмгектердин автору.
“Илим жана Турмуш” илимий-популярдуу теле-жана радиоберүүлөрдүн автору жана алып баруучусу (2012-жылдан бери карай).
2015-2021-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин физика кафедрасынын профессору болуп эмгектенген.
2021-жылдын 15-февралынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, ал эми 2021-жылдын 6-майынан Министрлер кабинетинин Төрагасынын Кеңешчиси болуп эмгектенген.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (1999).
Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги (2013).
Физика-математика илимдеринин доктору (2000).
Физиканын профессору (2001).
Эл аралык кадрлар академиясынын корреспондент-мүчөсү, Киев ш. (1999).
Мамлекеттик кызматтын II класстагы Мамлекеттик Кеңешчиси (2007).
Евроазиялык Патентттик уюмунун Алтын медалынын ээси (2014).
Байланышуу үчүн:
Электрондук дарек:
to:osmonaliev.k@gmail.com»>osmonaliev.k@gmail.com
Мобилдик телефон:
+996 557 24-37-37 (WhatsApp)