Памирден келген кыргыздарга паспорт берилди
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдирүүсү боюнча, Улуу жана Кичи Памирден көчүрүлүп келип, Алай районунун Талды-Суу айылында жашап жаткан кыргыздарга паспорттор тапшырылып, мындан тышкары памирлик кыргыздардын жаш балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр бериле турган болду. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимовдун айтымында, Памирден келген кыргыздарды жумуш менен камсыз кылуу да пландалууда.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 16-апрель күнү Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 111 адам, алардын 60 чоң киши жана 51 бала өлкө жарандыгын алышты.
Алар, Ооганстандан жана Кытайдан келген этникалык кыргыздар.