Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына даярдыктар башталды
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына даярдыктарды баштады. Бул тууралуу улуттук курама команданын улук машыктыруучусу Улукбек Карачолоков билдирди. «Кийинки Париж Олимпиадасына даярдана баштадык. Бул жолу кетирген каталарды жоюп, жетпей калган медалдарга жетебиз деп аракет кылабыз», — деди Карачолоков ММКлардын бирине берген маегинде. Маекте машыктыруучу күрөш боюнча кыргызстандык балбандардын потенциалы дүйнөлүк аренада абдан чоң экенин белгилеген.