Парламент шайлоо күндөрүнө байланыштуу мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды

9-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 72
Бүгүн, 9-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.
Демилгечилер – депутаттар Марлен Маматалиев, Гульнара Акимбаева, Медербек Алиев, Таалайбек Сарыбашов, Бекмурза Эргешов, Айбек Алтынбеков, Максат Алымбеков, Улан Сариев.  Возможно, это изображение один или несколько человек и отдел новостей
Жыйында мыйзам долбоору тууралуу демилгечи депутаттардын бири Улан Сариев маалымат берди.
Алсак, киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоолор азыркы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын шаршембисинде, ал эми Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоолор азыркы Президенттин мөөнөтү аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт. Эки учурда тең добуш берүү күнү жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө карабастан, эмгек акы сакталган эс алуу күнү деп жарыяланат.  Возможно, это изображение отдел новостей и текст
Жыйынтыгында сунушталган мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.
9-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 72
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X