Pfizer вакцинасы өлкөнүн баардык аймактарына жөнөтүлдү

Кыргызстанга глобалдык COVAX демилгесинин алкагында Pfizer вакцинасынын 250 миң дозасы келген. Бул тууралуу брифинг учурунда Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Ишенапысова айтып, вакциналар Аламүдүн, Сокулук жана Кант шаарларына жеткирилгенин билдирди. Ал эми 1-ноябрдан тартып республиканын бардык аймактарына жөнөтүлдү.

«Pfizer вакцинасын 18 жаштан жогорку бардык каалаган адамдар ала алышат, ал эми артыкчылыктуу топтор 65 жаштан жогору адамдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар болуп саналат. Дозалардын ортосундагы аралык 21-28 күндү түзөт», — дейт Гульбара Ишенапысова.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X