"Эркин-Тоо"

Президент Балыкчы-Барскоон жолун оңдоо жана «Каракол» аэропортун модернизациялоо долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-мартта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы-Барскоон унаа жолун реконструкциялоо жана «Каракол» эл аралык аэропортун модернизациялоо долбоорлору менен таанышты.

Маалым болгондой, мамлекет башчынын тапшырмасы менен 2021-жылы II техникалык категориядагы «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол» эл аралык маанидеги жолун, анын ичинде Балыкчы-Барскоон участогун реконструкциялоо иштери башталган.

Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев президентке Балыкчы-Барскоон унаа жолунда аткарылган иштер боюнча маалымдап, ошондой эле белгиленген пландар тууралуу айтып берди — быйылкы жылы жер иштерин бүтүрүү, асфальт-бетон төшөлмөсүн төшөө, тосмолорду орнотуу, көпүрөлөрдү куруу ж. б. пландалууда.

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги жолду оңдоо иштери курулгандан баштап, 50 жылдан бери жүргүзүлбөй келгендиктен, жолдун катмарынын бузулушу акыркы чегине жеткен, ошол эле учурда жергиликтүү калктын жашоо сапатын камсыз кылууда автотрассанын мааниси чоң.

Белгилей кетсек, мындай ири масштабдагы автожолду реконструкциялоо долбоору 25тен ашык ата мекендик ишканаларды камтыган Кыргызстан жолчулар ассоциациясынын жетекчилиги менен биринчи жолу ишке ашырылууда.

Президент Садыр Жапаров жолдун сапатына өзгөчө көңүл буруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, бардык иштерди өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.

«Каракол» аэропортун модернизациялоонун алкагында бүгүнкү күндө аэровокзалдын жаңы имаратынын пайдубалын түптөө боюнча жер казуу иштери аяктады жана бетон куюу иштери аткарылды.

Кийинки этапта түпкүрүн кайра толтуруу иштери жүргүзүлөт. Учактарды түнкү кабыл алуу үчүн жарык берүүчү жабдуулар менен жабдуу пландаштырылууда.

Жүргүнчүлөрдү эл аралык авиаташууларда кеңири колдонулуучу орто аралыктагы учактарды кабыл алууга мүмкүндүк берүү үчүн учуп-конуу тилкесин узартуу маселеси иштелип жатат.

Реконструкциялоонун бүтүшү менен жаңы аба майданда чет өлкөлөрдөн келген чоң учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлгү жаралат, муну менен аймакка туристтердин агымы көбөйөт.

Президент Садыр Жапаров бир катар тапшырмаларды берип, жасалып жаткан иштердин темпин басаңдатпоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле сатып алуулар процессиндеги коррупциялык схемалардан толук арылуунун маанилүү экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы жолду реконструкциялоонун аяктоосу облустун өнүгүүсүндөгү социалдык-экономикалык факторлорго оң таасирин тийгизерин баса белгиледи. Ошондой эле, жаңы аэропорт Кыргызстанга келген чет элдик коноктордун агымын кыйла көбөйтүп, ошону менен өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!