Президент: “Биз Регионалдык экологиялык саммиттин жыйынтыгы аймактагы экологиялык тилектештикти чыңдоого карата маанилүү кадам болот деп эсептейбиз”

22-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20

Садыр Жапаров 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы климаттын өзгөрүшү өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө жана элдердин бакубаттуулугуна олуттуу таасир тийгизип жатканын белгилеп, мындай саммитти өткөрүү демилгеси өз убагында көтөрүлгөнүн айтты.

Президенттин айтымында, Кыргызстан дүйнөлүк парник газдарынын чыгындыларынын болгону 0,03 пайызын түзгөнү менен климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин катуу сезүүдө.

Ал мисал катары акыркы жылдардагы бир катар көрсөткүчтөрдү келтирди: 2020-жылдан бери сел жана суу ташкындары сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын саны үч эсеге өскөн, жылдык материалдык чыгым болжол менен 16 млн долларды түзөт. Мындан тышкары, өлкөдө мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарып, Ысык-Көл деңгээли акыркы он жылдыктарда дээрлик 14 метрге төмөндөгөн.

Президент белгилегендей, климаттын өзгөрүшү суу ресурстары жана энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү күчөтүүдө. Кыргызстанда түзүлгөн суу ресурстарынын жылдык көлөмү болжол менен 50 млрд куб метрди түзөт, бирок анын болгону 12 млрд куб метри ички муктаждыкка пайдаланылып, калган бөлүгү коңшу өлкөлөргө агып кетет.

Садыр Жапаров Кыргызстан ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимиттерин сактап, гидротехникалык курулуштарды тейлөө жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарып келатканын баса белгиледи. Ошол эле учурда бул аракеттер үчүн компенсация алынбай жатканын кошумчалады.

Анын маалыматына ылайык, акыркы бир жылда суу чарба тармагына 80 млн долларга жакын каражат бөлүнүп, акыркы беш жылда бул көрсөткүч 259 млн долларды түзгөн. Бирок бул каражаттар инфраструктураны толук жаңылоого жетишсиз.

Президент аймакта суу-энергетика тармагында өз ара пайдалуу экономикалык компенсациялык механизмди киргизүүнү сунуштап, ирригациялык системаларды модернизациялоо жана сууну үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Бишкек шаарында энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар боюнча аймактык борбор ачуу демилгеси көтөрүлдү.

Мамлекет башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында климаттык милдеттенмелерди аткаруу улантылып жатканын айтып, “жашыл” энергетика долбоорлору, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Сөзүнүн жыйынтыгында Президент эл аралык өнөктөштөрдү 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган “Бишкек+25” глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, саммитке Касым-Жомарт Токаев, Ваагн Хачатурян, Михаил Кавелашвили, Ухнаагийн Хурэлсух, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов, Шавкат Мирзиёев жана Али Асадов катышууда.

22-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X