Президент: Диалог жана акыл-эс адилеттүү дүйнөнүн негизи болушу керек
Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда “Дүйнө цивилизациялык бурулуш жолдо: келечекке бирге” урааны алдында өтүп жаткан Ысык-Көл форумунун ачылыш аземи болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.
Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы Ысык-Көл форуму Түндүк менен Түштүктүн, Батыш менен Чыгыштын ортосундагы жаңы цивилизациялык диалогду түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө климаттык өзгөрүүлөр, жасалма интеллекттин өнүгүшү жана глобалдык коопсуздук маселелери адамзаттын биргелешкен интеллектуалдык жоопкерчилигин талап кылууда.
Президент форумдун негиздөөчүсү, көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматов көтөргөн идеялар бүгүн да актуалдуулугун жоготпогонун белгилеп, аянтчанын негизги максаты дүйнөлүк көйгөйлөрдү талкуулоо жана аларга чечим издөө экенин айтты.
Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстан экологиялык коопсуздук, тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча эл аралык демилгелерди колдоону улантарын билдирди. Ал өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы Кыргызстанга өнүгүп келе жаткан жана деңизге чыга албаган мамлекеттердин үнүн дүйнөлүк деңгээлде жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн кошумчалады.
Форумга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген белгилүү илимпоздор, жазуучулар, тарыхчылар жана маданият ишмерлери катышууда. Алардын катарында Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь, кытай жазуучусу Ван Мэн, тарыхчы Питер Франкопан жана кинорежиссер Али Хамраев бар.
Иш-чаранын алкагында пленардык жыйындар, тематикалык секциялар жана коомдук талкуулар өткөрүлөт. Жыйынтыгында тынчтык, гуманизм жана жоопкерчилик маселелерине арналган Ысык-Көл декларациясын кабыл алуу пландалууда.
Форум менен катар көл жээгинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Медиафоруму да өтүп жатат. Анда медиа тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана санариптик трансформация шартында маалыматтык өнөктөштүктү чыңдоо маселелери талкууланууда.



