Президент: «Экономикадагы структуралык чоң реформаларды жүзөгө ашырууга кириштик»

Биз мамлекеттик системада жана экономикага структуралык чоң реформаларды жүзөгө ашырууга кириштик, социалдык коргоо деңгээлин, билим берүү жана квалификациялуу кесипкөй кадрларды даярдоо, сапатын көтөрүү милдети менен алпурушуп жатабыз. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарынын Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого карата салтанаттуу иш-чаралардын алкагында билдирди.

«Өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири — бизнес жана инвестициялар үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү экендигин баса белгилегим келет. Бул багытта кардиналдуу экономикалык реформаларды, анын ичинде фискалдык, транспорттук жана логистикалык, ошондой эле тышкы соода саясатын өнүктүрүү боюнча реформаларды ишке ашыруу башталды», -деди мамлекет башчысы.

Президент белгилегендей,  ошол эле учурда санариптик мейкиндикти түзүү – өнүгүүнүн маанилүү компоненти болуп эсептелет.

«Санариптик мейкиндик өз кезегинде туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт», деп сөзүн аяктады мамлекет башчы.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X