Президент: Ишкерлерге социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөйт

Чакан жана орто бизнести мындан ары колдоо максатында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2022-2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө жумуш берүүчүгө 17,5 пайыздан жумушчунун санына жараша 12 жана 4 пайызга азаят. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Ала -Арча» резиденциясындагы маалымат жыйынында билдирди.

«Ошондой эле жеткиликтүү турак жай менен камсыз болууга шарттар түзүлдү. Өлкө жарандарын турак-жай менен камсыз кылуу максатында 2026-жылга чейин Мамлекеттик турак-жай программасы бекитилип, ушул жылдын сентябрында ишке кирди.

Пайыздык ставканы азайтуу жана Программаны ишке ашырууну каржылоо максатында 2021-жылдын августунда Мамлекеттик ипотекалык компаниясын 5,2 млрд сомго капиталдаштыруу боюнча чечим кабыл алынды», — деди президент.

«Менин тапшырмама ылайык, ипотекалык кредит берүү боюнча пайыздык ставка бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн 4 пайызга чейин төмөндөтүлдү.

Мындан тышкары белгилеп кетчү нерсе, 2021-жылдын октябрынан тартып мурда берилген ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкалар жылдык 6-8 пайыздан 4-6 пайызга чейин этап-этабы менен азайтылат», — деди мамлекет башчысы.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X