Президент: Кыргызстан былтыр $350 млн карыз алса, быйыл бир да тыйын карыз алган жок»

«Эгерде Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алса, быйыл бир да тыйын карыз албай туруп, жагдайыбызды оңдоонун жолун таптык. Эгерде Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алса, быйыл бир да тыйын карыз албай туруп, жагдайыбызды оңдоонун жолун таптык», деди Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада

«Мамлекеттин келечегин аныктай турган перспективдүү жана эркин бизнес чөйрөнү калыптандырууга багытталган долбоорлор жана программалар ишке ашырылат», — деди мамлекет башчысы.

Президент белгилегендей, жарандар азыркы реалдуулук менен эсептешүүгө мажбур болууда. Анткени, 2020-жылы пандемияга байланыштуу Кыргызстандын экономикалык өсүү темпи 8,6%га төмөндөдү. Азыркы учурда пандемия уланып жатат, бирок ага карабастан 2021-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча экономикалык активдүүлүк акырындап калыбына келүүдө жана кээ бир тармактарда өсүш байкалууда.

«Мен президент болуп келгенде бюджет бош, резервде бир да тыйын жок болчу. Бүгүнкү күнгө чейин бардык мамлекеттер менен чек ара жабык. Соода-сатык жокко эсе. Албетте, мындай учурда салык менен бажы төлөмдөрүнүн түшүшү төмөндөйт. Пандемия менен дагы деле күрөшүү уланууда. Ошондой болсо да экономикалык оор кыйынчылыктардын шартында биз акыбалды турукташтыра алдык. Эгерде Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алса, быйыл бир да тыйын карыз албай туруп, жагдайыбызды оңдоонун жолун таптык», — деди Садыр Жапаров.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X