Президент Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө Жарлыкка кол койду

12-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 18

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин азыркы курамы отставкага кетирилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат.

12-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X