Президент Садыр Жапаров Астана шаарына иш сапары менен барды
Президент Садыр Жапаров 21-апрелде иш сапары менен Казакстандын борбору Астана шаарына барды.
Мамлекет башчысынын учагы Астананын эл аралык аэропортуна конду. Президентти Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.
Аэропортто расмий тосуп алуу аземи уюштурулуп, флагштокторго Регионалдык экологиялык саммитке катышуучу өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинген. Ошондой эле килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары, чет өлкөлүк делегациялардын башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, Жашыл жана туруктуу технологиялар эл аралык көргөзмөсүнүн павильонуна баруусу пландалууда.