Президент Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапар менен барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Азербайжан Республикасына иш сапар менен барды.Возможно, это изображение летательный аппарат и текст

Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропорттон Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду Азербайжандын вице-премьер-министри Самир Шарифов тосуп алды.
Эске салсак, Мамлекет башчысы Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышат.Нет описания фото.
Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыштуулук, санариптештирүү жана туруктуу өсүш маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.Возможно, это изображение улица, дорога, небоскреб и текст

Кеңешменин жыйынтыгында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X