Президент Садыр Жапаров Баку конгресс-борборуна АӨИЧК жетинчи саммитине катышууга келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышуу үчүн Баку конгресс-борборуна келди.

Мамлекет башчысын Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев тосуп алды. Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегациялардын башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X