Президент Садыр Жапаров Баткен районун жана Баткен шаарын өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Баткен районунун жана Баткен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана келечектүү долбоорлору менен таанышты.
Мамлекет башчысына Баткен районунун акими Данир Иманалиев маалымат берип, курулуш тармагында жалпы наркы 1 млрд 380 млн сомду түзгөн 69 объект пайдаланууга берилгенин айтты. Алардын катарында 12 мектеп, 13 бала бакча, 6 спорт зал, 25 футбол аянтчасы, 6 балдар оюн аянтчасы жана 7 фельдшердик-акушердик пункт бар. Жыл аягына чейин дагы 6 объектти, анын ичинде бир мектепти, үч бала бакчаны жана эки фельдшердик-акушердик пунктту пайдаланууга берүү пландалууда. 
Ошондой эле ал 2021-2026-жылдары республикалык бюджеттин эсебинен жолдорго 191 чакырым асфальт төшөлгөнүн маалымдады. Аткарылган иштердин наркы 950 млн сомду түзгөн.
Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесине токтолгон Данир Иманалиев 11 айыл аймагында суу түтүктөрү тартылганын белгиледи. Бул максаттарга республикалык бюджеттен жана донордук каражаттардан 550 млн сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, алыскы Зардалы айылында электр жарыгы тартылып, интернет байланышы камсыздалган. Узундугу 18 чакырымды түзгөн “Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы” автомобиль жолу курулган. Долбоордун жалпы наркы 889,9 млн сомду түзгөн. 
Ал ирригация тармагында жалпы узундугу 73 чакырым болгон каналдарды куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөнүн да билдирди. Бул иштерге жалпысынан 1 млрд 203 млн 700 миң сом жумшалган.
Андан соң Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев маалымат берип, 2021-2026-жылдары шаарда 148 жаңы ишкана ачылып, 686 жумуш орду түзүлгөнүн маалымдады.
Ошондой эле ал 2021-2026-жылдары Баткен шаарында жалпы суммасы 2,057 млрд сомду түзгөн 16 объект курулганын билдирди. Алардын ичинде:
3 мектеп — 423,9 млн сом;
1 спорт зал — 21,0 млн сом;
10 административдик имарат — 1,526 млрд сом;
1 чакан гидротүйүн (35 кВт) — 21,5 млн сом;
1 асфальт-бетон заводу — 65,5 млн сом. 
Мындан тышкары, 2026-жылы Баткен шаарында учурда алты балдар оюн аянтчасын куруу, ичүүчү суу түтүгүн тартуу, автобус паркынын жана автоунаа токтотуучу жайдын инфраструктурасын уюштуруу, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолчолорду куруу, шаарды көрктөндүрүү жана башка багыттар боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Аталган иштердин жалпы наркы 170 млн сомду түзөт.
Президент Садыр Жапаров презентациянын жыйынтыгын чыгарып, Баткен району менен Баткен шаарынын актуалдуу маселелерин ырааттуу чечүү зарылдыгына көңүл буруп, колдо болгон ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүнө токтолду.