Президент Садыр Жапаров Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундарынын кайрылууларын укту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Возможно, это изображение один или несколько человек, толпа и текст

Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, анда Баткен районунун жана Баткен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, инфраструктураны жаңылоо, жаңы ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык мекемелерди, спорт объектилерин куруу жана ачуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелери көтөрүлдү.

Иш-чара үч сааттан ашык убакытка созулуп, анда район тургундары жеке маселелерин айтып, Мамлекет башчысынан сот жана укук коргоо органдарынын ишинде адилеттүүлүктү камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурууну өтүнүштү. Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Мындан тышкары, калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, жарандарды пенсиялык камсыздоо, көчүп келген жарандарга документтерди тариздөө процессин тездетүү, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү жана башка бир катар актуалдуу маселелер айтылды. Возможно, это изображение один или несколько человек, толпа и текст

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга көтөрүлгөн маселелерди өз компетенцияларынын чегинде дыкат изилдеп чыгып, аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X