Президент Садыр Жапаров окуучулардын ата-энелеринен акча чогултуу демилгесине каршы

13-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Билим 36

Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады. Эскерте кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелер фондунун мыйзамдаштырылышы боюнча маселе көтөрүп чыгаарын кыйыткан. Президент бул маселеге дароо реакция кылып, “Мекеменин бул демилгеси мамлекеттик саясаттын коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы негизги багыттарына каршы келет,-деп билдирди. “Мамлекет башчысы жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча жыйноолордун эч бирине жол берилбестигин сөздөрүндө бир нече ирет белгилеп өткөн. Мектептерде ар кандай максаттарга, ар кандай шылтоолор менен акча жыйноого кескин түрдө тыюу салынышы керек. Мектептин өкүлдөрү тарабынан бул сыяктуу жасалган бардык аракеттер дароо билдирилип турушу зарыл”,-делет маалыматта.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X